Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ НИКЕ – мыйзам тартибинде жолжоболоштурулбаган иш жүзүндөгү никелешүү. КРде кээде «жарандык нике» деп да аталат. И. ж. н. үйбүлө мыйзамдарында каралган жубайлык укук менен милдеттерди таңуулабайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ САЛЫКТАР – салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнө тикелей салыктын түрү. Өзүнө жерге, үйгө, кесипчилик салыктарын камтып турат. Эреже катары, И. ж. с. республикалык эмес, жергиликтүү салыкка кирип, айрым бир чыгым түрлөрүн (м.: оңдоо чыгымын) чыгарып салуу менен, кыймылсыз мүлктүн баалоо наркы боюнча алынат жана кирешенин көлөмүнө көзкаранды болбойт (туруктуу чен).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ТАРБЫЯЧЫ – КР үйбүлө укугу боюнча, эрезеге жетелек балдарды иш жүзүндө баккан жана тарбыялаган эмгекке жарамсыз адам; эгер ал өз балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) багуу көрбөгөн болсо, сот аркылуу өзүнүн ишке жарамдуу тарбиялануучуларынан багууну талап кылууга акысы бар. Камкордукта (көзөмөлдө) турган же асыроочу үйбүлөдө тарбыяланып жаткан жактарга багуу милдети жүктөлбөйт. Эгер И. ж. т. аларды 5 жылдан ашык эмес же тийиштүү деңгээлде бакпаган болсо, сот тарбыялануучуну мындай милдеттен бошотушу мүмкүн.